Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 30.03.2019 12:35 На русском

Жалал-Абадда 34 жаштагы жигитти өлтүрөм деп коркутуп, 100 000 сом талап кылган жаш бала кармалды

Turmush -  Жалал-Абадда тургундан опузалап акча талап кылган жигит кармалды.

Маалым болгондой, Базар-Коргон районунун 1985-жылы туулган тургуну Т.Салохидин милиция кызматкерлерине кайрылып, ушул жылдын февраль айынын орто ченинен баштап бир бейтааныш жигит телефон чалып, өлтүрөм деп коркутуу менен 100 000 сом акча талап кылганын билдирген. Анын арызы 23-мартта саат 18:47де Жалал-Абад ОИИБдин маалымат эсептөө журналына катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Жалал-Абад ОИИБдин КМКнын УКККБнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын алкагында 45 000 сом акча көчүрмөдөн өткөрүлүп, каражатты жабырлануучу аркылуу коркутуп акча талап кылган адамга берүү менен аны колго түшүрүү иши жүргөн. Бирок телефон аркылуу коркутуп жаткан адам акчаны алууга өзү келбей, ар кандай даректерди айтып, “ошол жерге таштап кет, кийин өзүм барып алып алам” деп билдирип келген.

27-мартта бейтааныш адам кайрадан телефон аркылуу жабырлануучуга кайрылып, саат 21:00 чамасында Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан ресторандын жанынан жолугабыз деп шарт койгон. Салохидин 45 000 сом акчаны алып, ошол жакка барып, аны күтүп турган. Ыкчам иштердин жүрүшүндө шектүү катары өздүгү аныкталган Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айылынын 1993-жылы туулган тургуну Ж.Бексултан келген. Ал жабырлануучудан 45 000 сом акчаны алып, “калган акчаны качан бересиң?” деп суроо бергенде, Салохидин "2-3 күндөн кийин берем, бирок мени тынч койгула” деп жалдыраган. Бексултан макул болуп, 45 000 сом акчаны алып кетип бараткан учурда КМКнын УКККБнын кызматкерлери тарабынан кармалды. Жанындагы көчүрмөдөн өткүзүлүп чыккан 45 000 сом акча алынып, окуя болгон жерде тергөө амалдары жүргүзүлдү. Шектүү КРнын ЖПКнын 98-беренесинин негизинде Жалал-Абадда камакка алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×