Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 02.04.2019 15:01

Базар-Коргондо туздалган бадыраңга ууланган 2 адам ооруканага түштү

Turmush -  Базар-Коргон райондук аймактык ооруканасынын жандандыруу жана жугуштуу оорулар бөлүмүнө ботулизм дарты менен 2 бейтап жаткырылды.

Аталган ооруканадан маалымдашкандай, 2 адам ооруканага кечээ, 1-апрелде келип түшкөн.

«Ооруканага Сейдикум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылынын 1991-жылы туулган тургуну Р.у.Советбек жана 1995-жылы туулган А.у.Султанбек аттуу тургундары түштү. Алар 28-мартта үй шартында консерваланган салат, туздалган бадыраң жешкен. Андан кийин өздөрүн жаман сезип, ооруканага түшкөн. Аларга тиешелүү медициналык жардамдар көрсөтүлүп жатат. Учурда алардын абалы орто оор», - деп билдиришти ооруканадан.

Ботулизм — бул өтө оор уулануу. Бул оору ботулизимдин бактериясы жана токсини бар тамак-аштардан улам пайда болот. Ботулизм оорусун козгогуч болуп — ботулизм бактериясы жана анын токсини эсептелет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×