Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 06.04.2019 19:10

Апрель революциясы азыркы бийликке сабак болушу керек, - «апрелчи» К.Артыков (сүрөт)

Turmush -  Базар-Коргон районунда 7-апрель — Элдик революция күнүнө карата эскерүү иш-чарасы болуп өттү.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, иш-чарага Базар-Коргон районунун акими Айбек Бегимкулов, райондук администрациянын кызматкерлери, элдик революциянын катышуучулары жана тургундар катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө жергиликтүү бийликтин жетекчилери Апрель элдик революциясынын себептерин атап, мындай окуя кийинки жетекчилерге сабак болушу керектигин белгилешти.
Алар 7-апрелде ошол кездеги бийликке каршы чыккан элге ок атылганын, өлкөдө жемкордуктун кулач жайышы, үй-бүлөлүк башкаруунун орун алышы акырында элдин көтөрүлүшүнө түрткү болгонун айтышты.

Ошондой эле, Апрель элдик революциясынын баатыры Кубатбек Артыков ошол күндөгү кыйынчылыктарды, курман болгон адамдарды эстеп: «Мындай тарыхый окуя бийлик төбөлдөрүнө сабак болуп, өткөн бийликтин каталарын кайталабайт деп ишенебиз. Апрель революциясында курман болгон баатырлар эч качан унутулбайт. Ал эми Кыргызстанда тынчтык болсун», деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×