Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 17.04.2019 17:29 На русском

«Чучук, казы-карта коюлбасын»: Базар-Коргондо той-аштардагы ашыкча чыгымдарды жоюу сунушталды

Turmush -  Бүгүн, 17-апрелде Базар-Коргон районунда маркумду акыркы сапарга узатууда, той-аштардагы ыксыз чыгымдарды кыскартуу маселеси талкууланган жыйын өттү.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, райондук администрацияда өткөн «Ыксыз чыгымдарды жоюу жана кыскартуу» аттуу жыйынга жашоочулар, айыл аймактардын тийиштүү адистери, айыл башчылары, аксакалдар кеңеши, төрагалар жана имамдар катышты.

Анда райондук аксакалдар жана ардагерлер кеңешинин төрагасы Абдибаит Тойчуев маркумду акыркы сапарга узатууда дагы ыксыз чыгымдар көбөйгөнүн айтып, аны токтотуу зарылдыгын белгиледи.

«Аза күтүүдө мал-жандыктарды союуга, боорсок, тамак-аштарды жасоого тыюу салуу керек. Той-мааракелерде жана аза күтүлүп жаткан үйлөрдө чучук, казы-карталар коюлбашы керек. Сөөк жерге берилгенден кийинки үчилик, жетилик, кыркылык дегенди жок кылуу зарыл. Мындан тышкары кийит көтөрүп келгендерди жоёлу», - деди ал.

Жыйындын катышуучулары ыксыз чыгымдарды кыскартуунун бир жолу катары маркумдун алыстан келген туугандарына коңшулары бир түрдүү тамак жасап берүүсүн сунушташып, эркектер баштык көтөрүп кетүүсүн токтотсун деген ойлорун ортого салышты.

Буга чейин Ош облусунун Кара-Кулжа районунун тургуну Эмилбек Сатыбалдиев маркум атасынын ашын өткөрүүнүн ордуна өзү жашаган айылдын 700 метр жолуна шагыл төктүрүп бергендиги маалымдалган.

Маалым болгондой, Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн Кара-Кочкор айылынын 35 жаштагы тургуну Эмилбек Сатыбалдиев ыксыз чыгымдарды жоюу максатында (үчүлүк, бейшембилик, жетилик, кыркылык, маркумга эстелик тургузуу, сөөк кайтармай, челпек жасоо, сандык ачууга кеткен каражаттарды азайтуу) маркумду акыркы сапарга узатууда жана ага аш берүүдө союлган малдын санын 2 койдон ашырбоого чакырды. Ал жакында эле атасына аш берүүнүн ордуна өзүнүн айылындагы Санатория көчөсүнүн 700 метр жерине шагыл төктүрүп берген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×