Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 17.04.2019 17:50

Базар-Коргондун тургундары пенсия жөнүндө маалымат алышты

Turmush -  Бүгүн, 17-апрель күнү Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын чоң жыйындар залында Социалдык фонд тарабынан райондун элине пенсия жөнүндө маалымат берилди.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, жыйын «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө эмнелерди билүү керек жана келечектеги пенсия эмнелерден турат» деген темада өттү.

Ага Социалдык фонддун окуу борбору мекемесинин директорунун орун басары Акматали Якубов, Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Замира Адышова, Социалдык фонддун Базар-Коргон райондук бөлүмүнүн башчысы Сагын Тороканов, айыл аймактардын тийиштүү адистери, айыл башчылары, аксакалдар кеңешинин, аялдар кеңешинин жана жаштар кеңешинин төрагалары катышты.

Жыйналыштын соңунда жергиликтүү аксакалдар тарабынан пенсия боюнча бардык суроолор берилип, тийиштүү жетекчилерден жоопторду алышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×