Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 19.04.2019 15:46

Базар-Коргондун Чоң-Ак-Булак айылында жер көчкү активдешип, 7 үй-бүлө көчүрүлдү

Turmush -  Кечээ, 18-апрелде Базар-Коргон районунун Чоң-Ак-Булак айылында жер көчкү активдешип, акырындык менен жылып, Ак-Булак суусуна жетти. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелде ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, көлөмү болжол менен 200 миң метр кубга жеткен жер көчкүгө байланыштуу ага жакын жайгашкан 7 үйдүн жашоочулары туугандарынын үйүнө убактылуу көчүрүлдү. Жогорудагы 7 үйдүн жашоочуларын коопсуз жерге көчүрүү боюнча 2017-жылы ӨКМдин адистери тарабынан корутунду берилген.

Жеринде тактоо иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМдин ыкчам тобу тартылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×