Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 23.04.2019 08:33 На русском

Базар-Коргондо жоголгон 5 жаштагы бала 4 күндөн бери табылбай жатат (сүрөт)

Turmush -  19-апрелде Базар-Коргон районунун Акман айылында жоголгон 5 жаштагы Эдилбекти Кайырма суу сактагычындагы суучулдар ар 3 саат сайын издеп жатышат. Бул тууралуу кечээ, 22-апрелде ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, бала дайынсыз болуп, туугандары жана жергиликтүү тургундар өз алдынча издеп таба алышкан эмес. Андыктан 20-апрель түнү саат 02:10 чамаларында ӨКМге жардам сурап кайрылышкан. Ата-энесинин баланын Жаңы-Акман каналына түшүп кеткендиги боюнча шектенүүсүнөн улам каналда издөө иштери жүргүзүлүүдө. 20-апрель күнү издөө иштерине Базар-Коргондон 26 куткаруучу, милиционерлер, жергиликтүү тургундардан 40 киши, суучул куткаруучулар тартылган. Ал күнү саат 12:30 чамасында Жаңы-Акман каналынан баланын шайтан арабасы табылган.

ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Абулнасир Закировдун айтымында, 20-апрель күнү саат 04:10 чамасында Жаңы-Акман каналы тосулуп, суу толук токтогондон кийин дагы кошумча издөө иштери жүргүзүлгөн. Бирок бала табылган эмес. Учурда Кайырма суу сактагычында суучулдар ар 3 саат сайын суу ичинде издөө иштерин улантууда. Бүгүнкү күндө жалпы 92 адам издөө иштерине тартылды.

Окуя тууралуу:

Буга чейин Эдилбек өзүнүн үйүнүн алдында шайтан араба тээп жүрүп жоголуп кеткендиги кабарланган. Баланын жоголгону боюнча айыл аймактын башчысы тарабынан ӨКМдин Базар-Коргон райондук бөлүмүнө кабар түшкөн. Эдилбек жашаган үй Жаңы-Акман айылындагы каналдын жанында жайгашкандыктан ал сууга түшүп кетиши мүмкүн делип, аны каналдан издөө иштерин жүргүзүп башташкан.

20-апрелде издөө иштеринде анын шайтан арабасы өз үйүнөн 150 метрдей жогору тараптан табылган. Издөө иштерине жардам берүү үчүн Ош облусунан 7 суучул келген болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×