Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 25.04.2019 21:11 На русском

Дайынсыз жоголгон аялдын жансыз денеси дарыянын жээгинен табылды. Видео

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда 53 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 24-апрелде Кызыл-Үңкүр айылынын 1966-жылы туулган тургуну Ш.Б. дайынсыз жоголгон.

«Издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМден 31 куткаруучу, ИИМден 25 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 33 адам тартылган. Издөө иштеринин натыйжасында саат 15:00дө Кара-Үңкүр дарыясынын жээгинен маркумдун жансыз денеси куткаруучулар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген», - деп айтылат маалыматта.

Кийинчерээк ӨКМдин Базар-Коргон райондук бөлүмүнүн башчысы Жеңишбек Матназаров кошумчалагандай, 24-апрель күнү болжол менен кечки саат 20:00-21:00 чамасында Кызыл-Үңкүр айыл аймагынын Чоң-Акбулак айылынын тургуну Б.Ш. Талды-Булак айыл аймагынын Көк-Алма айылындагы сиңдиси жашаган жерге барып, дарыя тарапка чуркап кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Издөө-куткаруу иш-чарасынын жүрүшүндө Кара-Үңкүр дарыясынын жээгинен анын курткасы жана уюлдук телефону табылган.

«Базар-Коргон районуна караштуу Талдуу-Булак айыл аймагынын Көк-Алма айылындагы жөө адамдар өтүүчү көпүрөдөн Кызыл-Үңкүр айылынын 1966-жылы туулган тургуну Б.Ш. Кара-Үңкүр дарыясына агып кеткендиги тууралуу болжолдуу маалымат Базар-Коргон райондук №78 ӨК-КБнын байланыш түйүнүнө Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүнүн башчысы О.Жолдошов тарабынан берилген. Райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамынан 22, РИИБден 25, Ноокен райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 11 кызматкер жана жергиликтүү тургундар издөө иштерин баштаган.

Бүгүн, 25-апрелде саат 15:00 чамасында Могол айыл аймагынын Правда айылынын тушунда Кара-Үңкүр дарыясынан балык кармап жүргөн адамдар дарыянын жээгинде жаткан жансыз денени көрүп, издөө жумуштарын жүргүзүп жаткан кызматкерлерге кабар беришкен. Жансыз дене жоголгон Б.Ш. экендиги аныкталып, туугандарына өткөрүлүп берилди», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×