Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 03.05.2019 16:07

Базар-Коргондо Улуу Жеңиштин 74 жылдыгына карата веложүрүш өткөрүлдү

Turmush -  Базар-Коргон районунда 3-майда Улуу Жеңиштин 74 жылдыгына карата веложүрүш уюштурулду. Бул тууралуу райондук спорт комитетинин төрагасы Максатбек Таштанов билдирди.

Анын айтымында, веложүрүшкө райондогу айыл аймактардан жаш спортчулар катышты. Жыйынтыгында 1-орунга Бешик-Жон айыл аймагы, 2-орунга Акман айыл аймагы, ал эми 3-орунга Базар-Коргон айылы ээ болду.

«Эртең Базар-Коргон районунан баштап, Жалал-Абад шаарына чейин веложүрүш уюштурулат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×