Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 03.05.2019 16:43

Сузактын жаштары зордук-зомбулукка каршы жөө жүрүш жасашты

Turmush -  Сузак районунда «Зордук-зомбулуксуз мектеп» урааны астында РИИБ тарабынан түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлүп, жаштар жөө жүрүш жасашты. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган иш-чара Сузак районунун аймагында жайгашкан 124 мектептин арасынан 56 мектепте өткөрүлдү. Жаштар өз учурунда билим алууда бул сыяктуу жүрүштѳрдүн ѳткѳрүлүп турушун кубатташарын, ошону менен бирге жаркын келечекти тандоого жакшы ѳбѳлгѳ түзѳ турганын баса белгилешти.

Жөө жүрүшкѳ мектеп окуучуларынан сырткары райондук жаштар комитети, аялдар кеңеши жана ата-энелер комитетинин ѳкүлдѳрү катышты. Алар милиция тарабынан уюштурулган бул кѳрүнүшкѳ оң баасын беришип, жаштар арасында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар алгылыктуу жүрүп жатканын жана сѳзсүз түрдѳ жакшы жыйынтык болорун айтышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×