Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 09.05.2019 19:40 На русском

Улуу Жеңишке 74 жыл: 95 жашында орозо кармаган ардагер К.Юсупов

Turmush -  Базар-Коргон районунда Улуу Жеңиштин 74 жылдыгына арналган иш-чарага райондогу 11 ардагердин бешөө гана катышты. Алардын бири — Базар-Коргон айылынын тургуну Кыргызбай Юсупов.

Кыргызбай ата аймактык кабарчы менен болгон маегинде билдиргендей, быйыл 95 жашка чыкты. Улгайып калса дагы жыл сайын Рамазан айында орозо кармап келет. Ардагер быйыл дагы орозо кармап жатканын белгилеп, жалпы кыргыз элине тынчтык жана бакубат жашоо каалады.

10 балага татыктуу тарбия берген Кыргызбай ата согуш тааласын эстегенде көзүнө жаш алат. Ал учурда элди тынчтыктын баркын билүүгө чакырып, ак батасын берип келет.

- Иш-чарага Кеңеш айылынын тургуну, согуштун ардагери Эргеш Темиркулов дагы катышты. Ал 1940-жылы Берлинге аскерге барып, андан кийин согушка жөнөтүлгөн. 1946-жылы мекенине кайтып келген. 2 уул, 3 кыздын атасы.

- Сейдигум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылынын 105 жаштагы тургуну Жоробай Ашуров дагы согуштун ардагери. Быйыл Жеңиштин 74 жылдыгын белгилөөгө катышты. Ал 4 уул, 2 кыздын атасы.

- Арстанбап айылынын 95 жаштагы тургуну Токтосун Нарматов 1942-жылдан 1945-жылга чейин Волгоградда согуш талаасында болгон. 7 баланын атасы. Анын 34 небере, 66 чөбөрөсү бар.

- Кеңеш айыл аймагынын тургуну Эргеш Темиркулов согуштун ардагери болсо, байбичеси Кайрынса Темиркулова ооруктун ардагери.

Базар-Коргондо Улуу Жеңиштин 74 жылдыгы белгиленип, анын алкагында «Өлбөс полк» акциясы дагы өткөрүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×