Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 15.05.2019 15:01

Базар-Коргондо урап калуу коркунучунда турган бала бакчада 180 бала тарбияланат (сүрөт)

Turmush -  Базар-Коргон районунун Акман айыл аймагынын Колот айылындагы №24 «Раяна» бала бакчасынын имараты кооптуу абалда. Бул тууралуу аймактык кабарчыга билдиришти.

Маалым болгондой, имарат 1954-жылы ашар жолу менен курулган. Буга чейин ал мектеп катары пайдаланылып келсе, 2015-жылдан тарта мектепке чейинки билим берүү мекемеси катары иштеп келет.

«Бүгүнкү күндө балдар кооптуу жайда тарбияланууда. Имараттын эскилиги жетип, урап калуу коркунучунда турат. Заман талабына жооп бербеген бул бала бакча бир эле айылга эмес, 4 айылга кызмат көрсөтөт. Учурда 180ден ашуун бала бар. Кезек күткөндөр дагы көп. Бул имараттын ордуна жаңысын куруу өтүнүчү менен айыл өкмөткө, андан кийин министрликке кайрылганбыз», - дешти бала бакчанын өкүлдөрү.

Акман айыл аймагында 15 миңге чукул жашоочу бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×