Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 20.05.2019 22:17

Базар-Коргондогу «Раяна» бала бакчасын ӨКМ авариялык абалда деп аныктаган эмес

Turmush -  Базар-Коргон районундагы «Раяна» бала бакчасынын имараты авариялык абалда экендиги боюнча ӨКМ тарабынан корутунду чыккан эмес. Бул тууралуу аталган бала бакчадан маалымдашты.

Маалыматка караганда, имарат оңдоого муктаж.

«Акман айыл аймагынын Колот айылындагы №24 «Раяна» бала бакчасы эски мектептин имаратында жайгашкан. Анын эскилиги жетип, капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж экендиги анык. Бирок мектепке чейинки билим берүү мекемесинин имараты авариялык абалда экендиги боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан корутунду чыккан эмес», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Базар-Коргон районунда урап калуу коркунучунда турган бала бакчада 180 бала тарбияланып жаткандыгы маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×