Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 20.06.2019 12:33

Базар-Коргондо мыйзамсыз сакталып жүргөн мылтык табылды

Turmush -  Базар-Коргон РИИБи тарабынан мыйзамсыз сакталган курал алынды. Бул тууралуу бүгүн, 20-июнда Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, эл арасында мыйзамсыз сакталган куралдарды аныктоо боюнча атайын иш-чара өттү. Анын натыйжасында Базар-Коргон районунун 1978-жылы туулган тургуну М.А. 1963-жылы чыгарылган «ТОЗ-8» үлгүсүндөгү сайлуу ок атуучу куралды мыйзамсыз сактап жүргөндүгү такталды. Курал Базар-Коргон РИИБдин кызматкерлери тарабынан алынып, тергөө кызматына өткөрүлүп, сотко чейинки өндүрүш иши ачылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×