Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 20.06.2019 14:40

Базар-Коргон районунда үйүндө аялын көкүрөккө сайып, качып кеткен адам колго түштү (сүрөт)

Turmush -  8-июнда түнкү саат 23:00 чамасында Базар-Коргон районунда аялын көкүрөккө сайып, жаракат келтирген 33 жаштагы адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-июнда Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, ал күнү 1987-жылы туулган Х.Г. аттуу келинди өз үйүндө күйөөсү учтуу буюм менен көкүрөгүнүн сол тарабына сайып, өзү изин жашырып кеткен. Жабыр тарткан Х.Г. аймактык оорукананын хирургия бөлүмүнө жаткырылган. Окуя болгон үйдө колдонулган далил буюмдар алынып, шектүү катары 1986-жылы туулган Р.Х. кармалды.

Учурда кылмышка шектелген күйөө камакка алынып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

(Кылмышка шектелген күйөө)

шектуу Р.Х.  бычак сайган

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×