Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 26.06.2019 09:30

Китеп окуп, сынакка катышкан Б.Ибраимов ажылык сапарга жолдомо жеңип алды

Turmush -  Базар-Коргон районунда «Пайгамбарыбызды жакындан тааныйлы» сынагы өткөрүлүп, анын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Кечээ, 25-июнь күнү Базар-Коргон райондук хатибият тарабынан жана Жалал-Абад облустук казыятынын колдоосунда «Пайгамбарыбызды жакындан тааныйлы» аттуу сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды. Сынак бир ай мурун тест түрүндө жүргүзүлүп, ага миңге чукул адам катышкан. Анын жыйынтыгында 1-орунду Бектур Ибраимов алып, ага Меккеге кичи ажылык сапарга баруу үчүн жолдомо ыйгарылды. Ал эми 2-орунду алган Адина Артыковага 30 миң сом ыйгарылса, 3-орунду ээлеген Алтынай Маматалиева 20 миң сом менен сыйланды. 4-орунду алган Айзат Кадыржанова да 10 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болду.

Катышуучулар сынакка чейин атайын китеп окуп даярданышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×