Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 28.06.2019 12:38

Нургазы Нармырзаев Базар-Коргон районунун акиминин биринчи орун басары болуп дайындалды (өмүр баяны)

Turmush -  Нармырзаев Нургазы Жакыпович Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — акимдин биринчи орун басары болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Бүгүн, 28-июнда жаңы орун басарды өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын уюштуруу иштер жана контролдоо бөлүмүнүн башчысы Б.Анаркулов жамаатка тааныштырды.

Н.Нармырзаев буга чейин Чаткал райондук мамлекеттик администрациясында, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн аппаратында, КРнын Президентинин аппаратында иштеген.

WhatsApp Image 2019-06-28 at 12.29.24

Өмүр баяны

Туулган жылы: 1979-жыл

Туулган жери: Чаткал районунун Айгыр-Жал айылы

Билими

- 2001-жылы ЖАМУнун тарых бөлүмүн аяктаган.

Эмгек жолу

- 2000-2002-жылдары — Жалал-Абад шаарындагы №4 орто мектебинде мугалим;

- 2002-2004-жылдары — ЖАМУда мугалим;

- 2005-2006-жылдары — Чаткал райондук спорт комитетинин төрагасы;

- 2006-2007-жылдары — Чаткал райондук администрациясында бөлүм башчы;

- 2007-2009-жылдары — Чаткал райондук администрациясында сектор башчы;

- 2009-2010-жылдары — Чаткал райондук администрациясында аппарат башчы;

- 2010-2013-жылдары — Жалал-Абад облстук мамлекеттик администрациясында башкы адис;

- 2013-2014-жылдары — Президенттин аппаратынын аймактык башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнүн инспектору:

- 2014-2017-жылдары — өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн аппаратынын жетекчиси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×