Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 05.07.2019 15:41 На русском

Базар-Коргондо медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди

Turmush -  Бүгүн, 5-июлда Базар-Коргон районунда медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди, деп билдирет аймактык кабарчы.

Майрамдык салтанатка райондук администрациянын башчысы А.Бегимкулов, акимдин биринчи орун басары Н.Нармырзаев, райондук аймактык оорукананын башкы дарыгери Б.Субанкулов, мекеме-ишканалардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары жана медицина кызматкерлери катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө райондук администрация тарабынан медицина кызматкерлери ардак грамота менен сыйланып, маданият кызматкерлери чакан концерттик программа тартуулашты.

Базар-Коргон аймактык ооруканасында 49 дарыгер, 189 медайым, 72 кенже кызматкер эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×