Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 17.07.2019 11:36

Базар-Коргондо дыйкандарга ишти жеңилдеткен учуучу аппарат көрсөтүлдү

Turmush -  Жалал-Абад облусунда айыл чарбаны колдогон «Бай дыйкан» борбору иштей баштайт. Бул маалымат Базар-Коргон районунда жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен дыйкандардын жолугушуусунда айтылды.

Маалым болгондой, жолугушууда өсүмдүктөргө дары чачуу үчүн учуучу техниканын өзгөчөлүктөрү көрсөтүлдү.

Адистердин айтымында, дрон 1 гектар жердеги эгинди 10-15 мүнөттө дарылап бүтөт.

35 жылдан бери дыйканчылык менен алектенип келген Махамматкарим Сапарбаевдин айтымында, мындай аппараттар дыйкандардын ишин бир кыйла жеңилдетет.

«Акыркы убакта бардык тармактарда жаңылануу болууда. Айыл чарбада дагы өзгөчө техникалар пайда болуп жатат. «Бай дыйкан» айыл чарбаны колдоо борбору дыйкандарга шарт түзүп берүүдө. Борбор өз ишин республиканын 41 жеринде жүргүзүүнү көздөп, учурда эки жерде иштеп баштады», - деди ал.

Маалым болгондой, айыл чарбаны колдоо борбору 5 багыт менен иштейт. Анда түшүмдү көбөйтүү, аларды жер семирткичтер менен камсыздоо, жеңилдиктерди карап берүү багытында иш жүргүзмөкчү.

Базар-Коргон райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Авазбек Палбанов райондун бийлик өкүлдөрү бул демилгени колдоого алып, аталган борборду районго ачуу үчүн жер тилке бөлүп берүүнү карап жатышканын жана дыйкандар үчүн бир топ шарттар түзүлөрүн кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×