Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 19.08.2019 13:08

Базар-Коргондогу оорукананын ички илдеттер бөлүмү 3 млн сомго жаңыланды. Сүрөт

Turmush -  Базар-Коргон райондук Бекмурза Исмаилов атындагы аймактык ооруканасынын ички илдеттер бөлүмү толук кандуу капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, райондук оорукананын ички илдеттер бөлүмү 32 орунга ылайыкташкан. Бирок көп жылдардан бери каражаттын тартыштыгынан улам капиталдык оңдоо иштери болгон эмес. Бул жайда жакшы шарттын жоктугу бейтаптарга эле эмес, дарыгерлерге да кыйынчылык жаратып келген. Мындан улам ушул жылдын апрель айында оңдоо иштери башталып, эми пайдаланууга берилди.

Аталган бөлүмдү оңдоого республикалык бюджеттен жалпы 3 млн сомдон ашуун каражат жумшалган. Бөлүмгө таза суу тартылып, бейтаптардын керебеттерине чейин жаңыланды.

Оорукана жалпы 215 бейтапка ылайыкташкан. Бирок айрым учурларда бейтаптардын саны көп болгондуктан орун жетишпей, көйгөй жаралып келет.

Оорукана 170 миңден ашуун адамды тейлейт. Мекемеде 49 дарыгер, 189 медайым, 72 кенже кызматкер эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×