Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 12.09.2019 16:27

Сүрөт — Кадыржан Батыровдун Арстанбаптагы эс алуучу жайы УКМКга өттү

Turmush -  Кадыржан Батыровдун Базар-Коргон районунун Арстанбаптагы эс алуучу жайы УКМКга өттү. Бул маалыматты Батыровдун улутташтырылган объектилерин чарбалык башкарууга алган өкмөткө караштуу Мүлк фондунун алдындагы «Элдик» ишканасынан тастыкташты.

Мекеменин өкүлдөрүнүн айтууларында, алар быйыл эс алуучу жайдын матрастарын жаңылоону көздөп, атайын буйрутма беришкен эле. Мындай буйруктан кийин аны кайра кайтарып беришкен.

Ишкананын кызматкерлеринин айтууларында, 2016-жылы андагы жайды «Баластан» лагери кылып өзгөртүп, балдарды кабыл алган. Балдарды кабыл алуудан түшкөн каражат оңдоп-түзөө үчүн жумшалган каражатты араң жапкан, тарбиячыларга болгон төлөмдү мекеме өздөрү төлөп калышкан. Акыркы эки жылдан бери эс алуучулардын жаткан керебети үчүн гана акча алынып келген.

Маалым болгондой, Арстанбапта жайгашкан аянты 4,80 га болгон эс алуу лагери 2019-жылдын май айында өкмөткө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун буйругу менен УКМКга өткөрүлүп берилген.

Жеке булактардын маалымдоосунда, эс алуучу жайга Базар-Коргондогу жеке ишкерлер анын жеке менчикке өтүүсүнө кызыктар болушкан. Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынын лагерге болгон кызыгуулары артып баштаган. Ушул сыяктуу түрдүү аракеттер дагы УКМКга өтүүсүнө себепкер болушу мүмкүн деген божомолдоолорун айтышты.

«Элдик» ишкананы өкүлдөрү 2016-жылы эс алуучу жайды «Баластан» пионер лагери кылып өзгөртүп, балдарды кабыл ала турганын билдиришкен.

Turmush басылмасы буга чейин Арстанбап аймагында кезегинде К.Батыровго таандык болгон пансионатта «Элдик» мамлекеттик ишканасы тарабынан капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатканы маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×