Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 19.09.2019 15:27

Дыйкандар ак алтындын түшүмүн жыйнап жатышат, бирок баасы чечиле элек. Видео

Turmush -  Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айылынын 56 жаштагы тургуну Арслан Сатыкулов 20 жылдан бери пахта өстүрүп келет. Элеттик дыйкан менен аймактык кабарчы таанышты.

Анын айтымында, ал дыйканчылыктан түшкөн киреше менен үй-бүлөсүн багып келет.

«Үй-бүлөбүз менен 20 жылдан бери пахта өстүрөбүз. Май айында талаага чыксак, октябрь айында түшүмдү жыйнайбыз. Өткөн жылга салыштырмалуу быйыл пахтанын түшүмү жакшы, күндүн ысык болгону пахтанын түшүмдүү болушуна таасирин берет. Жалпы 0,60 сотых жерге пахта өстүрөбүз. 4 жолу түшүм жыйналат. Бир күндө бир адам 80-90 килограммга чейин пахта терет», - дейт А.Сатыкулов.

Ал белгилегендей, быйыл дыйкандар бир гектар жерден орточо 34-35 центнерден түшүм жыйнап жатышат. Өткөн жылы бир килограмм пахта 42 сомдон 46 сомго чейин сатылса, быйыл баа чечиле элек.

Базар-Коргон райондук өнүктүрүү департаментинин башчысы Авазбек Палвановдун айтымында, быйыл Базар-Коргон районунда 3350 гектар жерде пахта өстүрүлгөн. Ак алтын өткөн жылга салыштырмалуу быйыл кеч түшүмүн берип жакткандыктан учурда дыйкандар 50%ын терүүгө жетишти.

«Фермерлер өндүргөн пахталарын райондо жайгашкан 5 пахта заводго тапшырышат. Учурда ак алтындын баасы толук кандуу чечилбегендигине байланыштуу дыйкандарга завод алдын ала пахта жыйноого каражат берип турат. Ак алтындын баасы толук чечилгенден кийин дыйкандарга толук төлөнүп берилет. Райондо 5 пахта завод иштейт. Ар биринде 100 тоннадан жогору пахта жыйналып калды. Түшүмдүүлүгү өткөн жылдарга салыштырмалуу жогору.

Ак алтын 1 гектардан 34 центнерден алынууда. Базар-Коргон районунан бир жылда 11 миң тоннага жакын өндүрүлөт. Ал Россия жана Түркияга экспорттолот», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×