Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 20.09.2019 16:29

Базар-Коргондо тургундар нааразы болгон соң сыйынуу үйүнүн курулушу токтотулду

Turmush -  Базар-Коргон районунун Совет айылында «Жахабанын күбөлөрү» диний агымына таандык сыйынуу үйүнүн курулушу жана анын ишмердүүлүгү убактылуу токтотулду, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, өткөн айда айыл тургундары аталган объекттин курулуш ишине каршы болуп, жергиликтүү бийлик, күч органдарына кайрылып, бул боюнча атайын комиссия түзүлгөн.

«Буга чейин Кеңеш айыл аймагынын Совет айылынын Аттокуров көчөсүнүн жашоочуларынан аталган көчөдө «Жахабанын күбөлөрү» диний агымынын мүчөлөрү сыйынуучу үйү куруп жатканы боюнча арыз келип түшкөн. Ал боюнча райондук комиссия түзүлүп, териштирүү иштерин жүргүзүп, анын жыйынтыгында чечим кабыл алды.

Сыйынуу үйүнүн курулушуна тийиштүү тараптардан уруксат алынбагандыктан кемчиликтерди оңдогонго чейин курулушу токтотулду. «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» мыйзамга ылайык анын ишмердүүлүгү да убактылуу токтотулду», - деди Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурбек Кайсарбаев.

Буга чейин Базар-Коргон районунда христианчылыктын баптист агымын тутунган адамдардын сыйынуучу үйү курулуп жатканына тургундар нааразы болгону маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×