Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 21.09.2019 10:57

Сүрөт — Кадыржан Батыровдун оң колу делген тургундун үйү

Turmush -  Базар-Коргон районунда Кадыржан Батыровго тиешелүү делинип, улутташтырылган эки үй бар. Аймактык кабарчы турак жайлардын абалы менен таанышты.

Биринчи турак үй бышык кыштан салынып, короолору тосмолонсо, экинчи үйдүн дубалы көчүп, жараксыз болуп калган. Базар-Коргон айыл өкмөтүнүн А.Курбанов атындагы көчөдө жайгашкан үй М.К аттуу жаранга карайт.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, ал атуул К.Батыровдун оң колу болгон. 2010-жылдан бери бул турак жай бош турат. Бул үй-бүлөнүн мүчөлөрү кайда жашап жатканы белгисиз. Улутташтырылган объектилерди чарбалык башкарууга алган «Элдик» мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги тарабынан ушул жылдын январь айында Базар-Коргон айыл аймагынын башчысына кат жолдонгон.

2019-жылдын февраль айында айылдык кеңештин VII чакырылышындагы депутаттары А.Курбанов атындагы көчөдө жайгашкан №62 үйдүн бир бөлүгүн айыл өкмөткө өткөрүү боюнча токтом кабыл алышкан. Учурда үйдү өткөрүп алуу боюнча иштер жүрүүдө.

Акман айыл аймагынын Кайырма айылынын Ж.Н. аттуу тургундун үйү дагы улутташтырылган.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, бул жаран июнь окуясына чейин камалып кеткен, үйдүн кантип улутташтырылганы белгисиз.

Камалган жаран Өзгөн районунда балдары менен жашайт. Ал эми бул турак жай жарактан чыгып калган. Акман айылдык кеңешинин депутаттары 2018-жылдын 26-декабрында аны өкмөткө өткөрүү боюнча токтом чыгарышкан. Айыл өкмөттүн карамагына өткөрүп алуу иштери айыл башчыга жүктөлгөн. Тиешелүү документтер «Элдик» мамлекеттик ишканасына жөнөтүлгөн.

Буга чейин улутташтырылган объектилерди башкарууга алган «Элдик» ишканасынын жетекчилиги алардан объекттерди ижарага алган ишкерлер төлөмдөрдү өз убагында төлөбөй жатканын айтышкан.

Мекеменин жетекчиси Алексей Апиев чарбалык башкарууда турган 24 объектинин 13үн ишкананын балансынан чыгарып, жайгашкан жерине жараша жергиликтүү бийликке кайтаралы деген сунуш менен жогору тарапка кайрылышканын айткан. Ошондой эле ал Базар-Коргондогу эки үй жергиликтүү бийликке өткөрүлүп жаткандыгын билдирген болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×