Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 22.09.2019 12:46

Базар-Коргондо 25 тоннадай таштанды чыгарылды

Turmush -  Базар-Коргон районунда өткөн тазалык акциясында 25 тоннадай таштанды чыгарылды. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалыматка караганда, акция 21-сентябрь — Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата уюштурулуп, Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан райондун аймагында жол жээктер, социалдык объекттердин айланалары иретке келтирилди.

Акцияга райондук мекеме-ишканалардын жана айыл аймактын кызматкерлери болуп жалпы 400дөн ашык адам катышты. Алар Ош—Бишкек унаа жолунун жээгин, айыл аймактардын, мекеме-ишканалардын аймагын тазалашты. Жыйынтыгында жалпы 25 тоннадай таштанды чыгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×