Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 02.10.2019 20:10

Базар-Коргондогу карыяларга акчалай колдоо көрсөтүлдү (сүрөт)

Turmush -  Базар-Коргон районунда Эл аралык карылар күнү белгиленди, деп билдирет аймактык кабарчы.

Иш-чарага райондун аймагынан 100дөн ашуун карыялар чакырылып, аларга акимдин резервдик фондунан 2 миң сомдон берилди. Мындан тышкары Сузак районундагы карыялар үйүнө дагы жардам көрсөтүлдү.

Эл аралык карылар күнүн өткөрүү максатында райондун аймагында 15-сентябрдан 15-октябрга чейин бир айлык жарыяланып, анын алкагында бир нече кайрымдуулук иш-чаралар өткөрүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×