Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 03.10.2019 18:23

Базар-Коргондо 8 улуттун өкүлдөрү кыргыз тилин даңазалашты

Turmush -  Базар-Коргон районуна караштуу Сейдикум айыл өкмөтүндө «Менин көп улуттуу айылым» аттуу иш-чара өткөрүлдү, деп билдирет аймактык кабарчы.

Мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына карата уюштурулган иш-чарага 8 улуттун өкүлдөрү катышты.

«Катышуучулар кыргыз тилинде ырларды аткарышып, көркөм окуп, макал-лакап жана акыйнектерди айтышты. Иш-чара мамлекеттик тилди даңазалоо, жаштарды өз тилин сүйүүгө үндөө, башка улуттардын арасында кыргыз тилин жайылтуу максатында уюштурулду», - дешти уюштуруучулар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×