Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-январь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 21.10.2019 17:41

Базар-Коргондогу жол кырсык бир адамдын өмүрүн алды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Базар-Коргон районундагы жол кырсыктан 1 адам каза болуп, 2 адам ооруканага түштү. Бул тууралуу аймактык кабарчы окуянын күбөлөрүнө шилтеме берүү менен билдирди.

Маалыматты облустук ЖККК бөлүмүнөн тастыкташып, жол кырсык 20-октябрда саат 09:00 чамасында Базар-Коргон—Кайырма унаа жолунун 12-чакырымында катталганын, «Дэу Тико» жана «Жигули» үлгүсүндөгү унаалар кагышканын билдиришти.

Кырсыктын кесепетинен Жаңы-Акман айылынын 1956-жылы туулган тургуну Т.Конушбек оор жаракат алып, Базар-Коргон аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жетип каза болгон. Ал эми «Жигули» үлгүсүндөгү унаанын 1996-жылы туулган жүргүнчүсү жана «Дэу Тико» унаасынын жүргүнчүсү — 1991-жылы туулган адам аймактык ооруканага жеткирилген.

Кырсык боюнча Базар-Коргон РИИБ тарабынан тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалып, учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×