Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-январь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 12.11.2019 09:33

Т.Усубалиевдин 100 жылдыгына карата Базар-Коргондо илимий конференция өттү

Turmush -  Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата Базар-Коргон райондук администрациясында «Кылымга тете өмүр» аттуу илимий конференция өткөрүлдү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, конференциянын башында билим берүү бөлүмү тарабынан даярдалган «Усубалиев жана саясат» аттуу тасма көрсөтүлдү. Райондук китепкана тарабынан Турдакун Усубалиевдин өмүрү жана ишмердүүлүгү тууралуу чакан көргөзмө уюштурулду.

Катышуучуларга райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлери жана балдар музыкалык мектебинин окуучулары тарабынан концерттик программа тартууланды.

Соңунда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата репрессиянын курмандыктары эскерилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×