Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-январь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 13.11.2019 11:11

Базар-Коргондо «Хизб ут-Тахрир» уюмунун идеялогиясын жайылтып жүргөн студент кыз аныкталды

Turmush -  Базар-Коргон районунда «Хизб ут-Тахрир» диний экстремисттик агымынын идеялогияларын жайылтып жүргөн кыз аныкталды. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 13-августунда Жалал-Абад ОИИБдин Экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери тарабынан Базар-Коргон районунда тыюу салынган диний агымдын идеялогиясын жайылтып жүргөн жаран аныкталган. Ал «Хизб ут-Тахрир» диний экстремисттик агымынын материалдарын жана анын идеялогияларын өзү жашаган айылындагы коңшуларына, ошол айылда жайгашкан аялдардын намазканасында жана Фейсбук социалдык баракчасынан да экстремисттик материалдарды жайылтып жаткандыгы боюнча маалыматтар алынган.

Бул факты боюнча топтолгон материалдар КРнын Жазык кодексинин 315-беренесинин негизинде Базар-Коргон РИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, шек жараткан кызды аныктоо менен анын аракетине туура укуктук баа берүү үчүн сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Тергөө-ыкчам иш-аракеттер жүргүзүлүп, шектүү жаран Базар-Коргон районунун 2001-жылы туулган Ш.К., аттуу тургуну бүгүнкү күндө Бишкек шаарында жайгашкан чет өлкөлүк эл аралык университетинин 2-курсунун студенти экендиги аныкталган.

Топтолгон материалдардын негизинде Базар-Коргон райондук тергөө сотунан жашаган үйүн тинтүүгө уруксат токтому алынып, 2019-жылдын 16-август күнү үйүнө тинтүү жүргүзүлгөн. Анын негизинде шектүүгө тиешелүү болгон «Хизб ут-Тахрир» диний агымы боюнча шек туудурган жазып жүргөн эки дептер, 54 даана араб тилинде жазылган баракчалар табылган.

Ошондой эле көтөрүп жүргөн уюлдук телефондору текшерилип, социалдык тармактарда өзүнүн баракчасынан Мухсинбек Мубинов аты менен «Хизб ут-Тахрир» диний агымынын идеялогияларын жайылтып жүргөндүгү белгилүү болгон. Ал аккаунттан 24 барактан турган материал көчүрүлүп алынып, өкмөткө караштуу мамлекеттик соттук экспертизасына жиберилип, экспертизанын жыйынтыгында бул материалдар өлкөнүн аймагында тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир» диний экстремистик агымына таандык экендиги аныкталган.

Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×