Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-январь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 14.11.2019 12:45

Сүрөт — Базар-Коргондо жаңгак фестивалы өттү

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айылында 13-ноябрда жаңгак фестивалы өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Фестивалга райондун жашоочулары катышып, анда жаңгактын түрлөрү, жаңгактан жасалган кыям, балдын түрлөрү көргөзмөгө коюлду.

«Жаңгак фестивалы жыл сайын өткөрүлөт. Биз дары чөптөрдү кургатып, аларды фестивалга, көргөзмө алып чыгабыз», - деди жергиликтүү тургун Нурадил Субанов.

Фестивалдын алкагында Арстанбап айылындагы окуучулар тарабынан тартылган жаңгак токою жөнүндө кыска метраждуу тасма көрсөтүлдү.

«Окуучулар жаңгак токою тууралуу кыска метраждуу тасма тартышкан. Бул боюнча сынак жарыяланып, ага 20 мектеп катышкан. Жыйынтыгында 5 тасма тандалып алынды. №17 Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинин окуучулары тарткан «Табият жана адам» аттуу тасма 2-орунду алды. Бул тасмалар жакында көрсөтүлүп баштайт», - деп билдирди «Ала-Тоо» коомдук фондунун өкүлү Дина Малдыбаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×