Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-январь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 04.12.2019 10:21

Сүрөт — 20 жаштагы Калысбек балалык кыялын орундатты

Калысбек Айтбаев
Калысбек Айтбаев

Turmush -  Базар-Коргон районунун Могол айыл аймагына караштуу Правда айылында туулган Калысбек Айтбаев балалык кыялын орундатты. Ал аймактык кабарчы менен болгон маегинде өнөрү тууралуу айтып берди.

Өзүнүн айтымында, ага ырчылык өнөр Токтогулдан чыккан айтылуу жамакчы Айтбай бабасынан өткөн.

«Токтогул районунан чыккан айтылуу Айтбай деген жамакчынын чөбөрөсүмүн. Ата-энем билим берүү тармагында эмгектенет. Кичинекей кезимде эле ырга жакын болгондуктан айылда кой кайтарып же талаа иштерин жасап жүргөндө ырдай берчүмүн. Мектептеги ар бир иш-чараны алып баруу милдетим эле», - дейт ал.

Ал музыкалык окуу жайга барып, бир топ ийгиликтерге жеткенин айтат.

«Мектепти аяктагандан кийин Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын алдындагы 2 жылдык окуу жайда билим алдым. Учурда аталган окуу жайдын алдындагы элдик ырдоо кафедрасында 1-курста окуйм. Ал ортодо бир нече телеканалдарда алып баруучу болуп иштеп, бала бакчаларда жана мектептерде музыка сабагынан мугалим болуп эмгектендим. Учурда «Аккордеон сыздачы» сынагына катышып жатам.

Ырчылык өнөрдү аркалоо менин балалыктагы кыялым болчу, азыр ошол кыялым орундалып, жаңы чыгармаларды элге тартуулоого аракет кылып жатам. Быйыл алгачкы ырыма клип тартып, коомчулукка тартуулайм», - дейт 20 жаштагы Калысбек Айтбаев.

Ал үй-бүлөдө 4 бир туугандын кичүүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×