Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-январь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 05.12.2019 20:22 На русском

Базар-Коргонго суулардын тазалыгын аныктоочу аппараттар алынып келди

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна суунун сапатын аныктоочу заманбап лабораториялык аппараттар тапшырылды.

Иш-чарага өкмөттүн облустагы өкүлү К.Сатыбалдиев, район акими А.Бегимкулов, АРИС долбоорунун өкүлдөрү жана райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери катышты.

«Бизге берилген жаңы жабдуулардын жардамы менен суунун тазалыгын, химиялык, бактериялык жана мите куттарды, ошондой эле суудагы башка элементтерди аныктоого шарттар жаралды. Буга чейин деле мындай лабораториялык жабдуулар бар болчу. Эскилиги жеткендиктен жаңы жабдыктарга ээ болдук», - деди борбордун жетекчиси Кабылжан Маматкулов.

Жабдуулар Ислам өнүктүрүү банкы каржылаган «Айылды таза суу менен камсыз кылуу жана санитарияны жакшыртуу» долбоорунун алкагында алынган.

Облустун 5 районундагы 24 айылга жалпы суммасы 5 млн 531 миң 351 сом болгон лабораториялык аппараттар тапшырылат. Алар: Базар-Коргон, Токтогул, Ала-Бука, Аксы жана Сузак райондору.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×