Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-январь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 06.12.2019 13:35

Базар-Коргондо калкты тейлөө борбору ачылды. Сүрөт

Turmush -  Бүгүн, 6-декабрда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда калкты тейлөө борбору ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ачылышка Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Тилек Батырканов, «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын директору Р.Осмоналиев, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана тургундар катышты.

Имаратка заманбап жабдуулар орнотулуп, сурап билүү зонасы менен курулган. Электрондук кезек жана байкоо жүргүзүү үчүн камералар коюлган. Ошондой эле, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн тиешелүү шарттар түзүлгөн. Бул жерде Базар-Коргон, Ноокен жана башка райондордун тургундарына паспорт, балага сүйүнчү жана жөлөк пул алуу боюнча кызмат көрсөтүлөт.

Имараттын жалпы аянты 385 чарчы метрди түзөт. Күн сайын 500дөн ашуун жаранды тейлөө мүмкүнчүлүгү бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×