Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-январь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 09.12.2019 11:16

Базар-Коргон айылында малдын тоюту өрттөндү

Turmush -  Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айылында малдын тоюту өрттөндү. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык айылдын Токтогул көчөсүндө болгон. Анын кесепетинен жыгач устундуу шифер жабылган бастырманын 28 чарчы метр аянты жана 150 боо жүгөрү паясы күйүп кетти.

Жалал-Абад шаарында Курорт–Шор-Булак жолунда «Тико» үлгүсүндөгү унаа толугу менен өрттөндү. Учурда бул кырсыктардын себеби такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×