Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-январь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 09.12.2019 13:02

Сүрөт — Базар-Коргондогу жаңы ат майдан

Turmush -  Базар-Коргон районуна караштуу Кеңеш айыл аймагынын Биринчи май айылында ат майдан курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ачылыш аземге акимдин орун басары Нургазы Нармырзаев, Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Рахман Өмүрзаков жана жергиликтүү тургундар, ошондой эле башка аймактан келген чабандестер катышты.

Ат майдандын ачылышынын урматына ат оюндары боюнча мелдеш уюштурулуп, жеңүүчүлөргө баалуу белектер ыйгарылды. Көк бөрү мелдешинде Талдуу-Булак айыл аймагынан келген команда 1-орунду ээледи. Ал эми 2-3-орунду Кеңеш жана Могол айыл аймагынын көк бөрүчүлөрү алышты.

Буга чейин райондун 100 жылдыгына карата Талдуу-Булак айыл аймагында ат оюндары өтүүчү жай курулган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×