Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-январь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 11.12.2019 15:10

Базар-Коргондо мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардам берилди

Turmush -  Базар-Коргон районунда ден соолугунан мүмкүнчүлү чектелген 136 адамга жеке ишкерлер тарабынан азык-түлүк жана кийимдер таратылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Базар-Коргон райондук эмгек жана социалдык өнүгүү бөлүмүнүн маалыматына караганда, район боюнча 2 миңге жакын адамга жөлөк пул берилет.

«Райондо ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 3700дөн ашык жаран бар. Алардын ичинен 2 миңге жакын адамга Социалдык фонд тарабынан жөлөк пул берилет. Ал эми райондук эмгек жана социалдык өнүгүү бөлүмүндө 1746 жаран каттоодо турат. Жарандардын майыптыгына карап берилчү социалдык жөлөк пулдун суммасы 1000 сомдон 4000 сомго чейин жетет. Андан тышкары аларга медициналык жана башка жеңилдиктер берилген», - деди аталган бөлүмдүн башчысы Мунарбек Калмаматов.

Мындан тышкары, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо максатында 15-ноябрдан 15-декабрга чейин «Биз биргебиз» аттуу бир айлык акция жарыяланган. Анын алкагында бир катар иш-чаралар уюштурулуп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×