Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-январь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 11.12.2019 17:00

Базар-Коргондо имамдар ысырапкерчилик менен күрөшүү маселесин талкуулашты

Базар-Коргондо имамдар ысырапкерчилик менен күрөшүүнү талкуулашты
Базар-Коргондо имамдар ысырапкерчилик менен күрөшүүнү талкуулашты

Turmush -  Базар-Коргон районунда имамдардын жыйыны өттү, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, Ак-Тайлак атындагы мечитте өткөн жыйынга райондун имамы Тынчтыкбек ажы Шаиков, Акман айыл аймагынын имамдары катышты. Жыйын бир жылдык отчётторду угуу менен башталып, Акман айыл аймагынын имамдары бир жылда аткарган иштери тууралуу маалымат беришти.

Маалым болгондой, Акман айыл аймагындагы 7 мечит мамлекеттик каттоодон өткөрүлгөн. Имамдар ошондой эле, ысырапкерчилик менен күрөшүүдө кыркылык жана жылдык өткөрүүнү азайтуу багытында иштерди жүргүзүп жатышкандыктарын айтышты. Жыйындын аягында Т.Шаиков имамдарды коргоо кеңеши тарабынан иштелип чыккан концепцияны ишке ашырууну тапшырды.

Райондо 118 мечит каттоодон өткөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×