Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-январь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 16.12.2019 18:20 На русском

Кызыл-Үңкүр токой чарбасынын жаңы директорун айылдаштары ишканага киргизбей коюшту. Видео

Turmush -  Базар-Коргон районуна караштуу Кызыл-Үңкүр токой чарбасынын жетекчиси болуп дайындалган Каныбек Чойтоевдин бул кызматка келишине каршы болгон айылдаштары, жердештери аны ишканага киргизбей коюшту. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Бүгүн, 16-декабрда райондун акими Айбек Бегимкулов, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин Жалал-Абад аймактык башкармалыгынын жетекчиси Бакыт Эрмеков, аталган агенттиктин директору тарабынан 13-декабрда Кызыл-Үңкүр токой чарбасынын жетекчилигине бекитилген Каныбек Чойтоевди жамаатка тааныштыруу үчүн барышкан. Бирок жаңы жетекчинин иш баштоосуна каршы болуп чогулган айыл тургундары чарбанын короосунан аны өткөрүшкөн жок.

Элеттиктердин айтымында, ысымы аталып жаткан жетекчи 2017-жылы да ушул чарбаны жетектеп турганда айылдыктар экиге бөлүнүп, клубда мушташууларга чейин барышкан. Ага аким да күбө болгон. Ошол эле тапта агенттиктен 11 адамдан турган топ да келип, элдин пикирин жеринен угуп кетип, жетекчи кызматынан алынган болчу. Жыл айланбастан ал экинчи жолу жетекчи болуп келгенин тургундар колдоого алышкан эмес.

Жериликтүү тургун Аваз Кылычбековдун айтымында, элдин нааразы болуп жатканына бир нече себептер бар.

«Жаңы дайындалган жетекчи өзүбүздүн эле айылдаш агабыз болот. Биз колдоп, кубаттап алсак жарашат эле. Бирок ал кезегинде жетекчи болуп турганда элди теңине алган жок, айрымдарды иш бөлмөсүнөн кууп чыккан күндөр болду. Токой чарба көп катачылыктарга жол берди. Элдин нааразычылыгы күчөп кеткендиктен эки тарап болуп, уруша баштаганбыз. Эл менен кантип иштегенин борбордогулар эмес бул жердеги айылдаштары билет. Биз ушул жердеги абалды билген үчүн нааразы болуп жатабыз. Бул киши экинчи жолу жетекчи болуп келгенде 1 жылдай иштеди. Былтыр айылдагы клубда эл экиге бөлүнүп мушташты. Мындан улам ал кызматынан алынган болчу. Анда азыркы аким Айбек Бегимкулов абалыбызда көргөн. Кырылган элди көрүп кетсе дагы кайра эле ушул адамды бул кызматка сунуштап жатат. Борбордогу бийлик өкүлдөрү элдин пикирин да эске алышсын», - деди ал.

Элеттиктер бийлик өкүлдөрүнөн жаңы дайындалган жетекчинин ордуна башка адисти алып келүүнү талап кылышты жана сунуш берген акимге карата өз нааразычылыктарын айтышты. Ошондой эле, алар тийиштүү тараптарга чейин кайрылышарын белгилешти. Райондун акими Айбек Бегимкулов өз сунушун бергенин, адегенде жетекчинин иштөөсүнө мүмкүнчүлүк берүү керектигин айтты. Бирок акимдин пикирин нааразы болгон тарап колдогон жок жана акимге карата да өздөрүнүн нааразычылыктарын айтышты.

Эл менен сүйлкөшкөн соң райондун акими элдин пикирин агенттикке жеткирерин билдирди. Жергиликтүү тургундардын нааразы болгонуна байланыштуу жаңы жетекчи жамаатка тааныштырылган жок.

Ал эми жаңы дайындалган Каныбек Чойтоев элдин нааразычылыгы күч болсо кызматынан баш тартарын айтты.

«Мен токой чарба эрежелерине ылайык, мыйзам негизинде иштегем. Бул чарбада кемчиликтер өтө көп. Дагы элдик жыйналыш кылабыз, калктын 30 пайызы каршы болсо, кызматка барбайм», - деди ал.

Тургундар дагы айылда экиге бөлүнүү болуп, жаңжалдар орун аларын белгилешти. Кызыл-Үңкүр токой чарбасынын 54 миң 650 гектар жери бар. Андагы жерди 280дөй үй-бүлө пайдаланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×