Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-январь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 18.12.2019 17:36

Жалал-Абадда өспүрүмдөр жөө жүрүшкө чыгышты. Видео

Turmush -  Бүгүн, 18-декабрда Жалал-Абад шаарында окуучулар жол кырсыктарына каршы жөө жүрүшкө чыгышты, деп билдирет аймактык кабарчы.

Ага мектептерден 300дөй окуучу катышып, «Биз жол кырсыктарына каршыбыз!» деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүп чыгышты.

«Иш-чараны ЖККК бөлүмү, шаардык билим берүү бөлүмү, мэрия менен биргеликте уюштурдук. Ага 19 мектептин окуучулары катышты. Жакында эле шаарда жолдон өтүп бара жаткан окуучуну унаа сүзүп кетти. Мектептен канчалык жол эрежесин үйрөткөн менен айрым айдоочулар ылдамдыкты чектей турган жерден катуу өтүп, жол кырсыгына кабылып жатышат. Колдоруна плакаттарды көтөргөн балдар борбордук көчөлөргө жүрүш жасашты», - деди шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ы.Калчаев.

Ал эми адистер өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктардын саны өсүп жатканын айтышты.

«Шаардын аймагында өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктар өткөн жылдарга салыштырмалуу эки эсеге көп катталган. Ошондуктан алардын санын азайтуу максатында түрдүү иш-чаралар өтүп келет. Мисалы, эртең менен жана түштө жол көзөмөлдөөчүлөр мектептердин алдында кыймылды көзөмөлгө алып, окуучулардын коопсуздугун камсыз кылышат», - дейт ШИИБдин ЖККК бөлүмүнүн башчысы Тыныбек Рахманов.

Өткөн жылдын 11 айында өспүрүмдөр катышкан 19 жол кырсык катталып, 21 бала жаракат алса, быйыл 21 жол кырсык катталып, 25 бала жабыркаган. Өткөн жылы 1 бала жол кырсыктан каза болсо, быйыл 3 өспүрүм каза болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×