Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-январь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 24.12.2019 11:18

Базар-Коргон районунун Чын-Курулуш айылында үй өрттөндү

Turmush -  Базар-Коргон районунун Чын-Курулуш айылында үй өрттөндү. Бул тууралуу бүгүн, 24-декабрда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык айылдын Маматисаков көчөсүндө болгон. Анын кесепетинен үйдүн 48 чарчы метр бөлмөсү жана үй тиричилик буюмдары күйүп кетти. Өрт жылытуучу мештин туура эмес түзүлүшүнөн улам чыккан.

Сузак районунун Жоон-Күнгөй айылында жалпы аянты 24 чарчы метр болгон азык-түлүк дүкөнү өрттөндү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×