Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-январь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 25.12.2019 17:53

А.Сартбаев Кызыл-Үңкүр токой чарбасынын директорунун милдетин аткаруучу болду

Turmush -  Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр токой чарбасынын директорунун милдетин аткаруучу болуп Абдыкарим Сартбаев дайындалды. Бул тууралуу малыматты Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынан тастыкташты.

Маалым болгондой, буйрук 2019-жылдын 19-декабрында чыккан. Буга чейин чарбанын директорунун милдетин убактылуу аткаруучу болуп Жалал-Абад аймактык башкармалыгынын токой ресурстары бөлүмүнүн башчысы Людмилла Абдразакова дайындалган. Ал чарбага баруудан баш тарткандыгына байланыштуу Абдыкарим Сартбаев дайындалды.

А.Сартбаев Кызыл-Үңкүр токой чарбасында 30 жылдан бери эмгектенип келген.

Буга чейин Кызыл-Үңкүр токой чарбасынын жетекчиси болуп дайындалган Каныбек Чойтоевдин бул кызматка келишине каршы болгон айылдаштары, жердештери ишканага киргизбей коюшкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×