Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-январь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 09.01.2020 08:18

Базар-Коргондо кайын энесинин белинен мыжыгып кармаган күйөө баланын окуясы

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук соту Жоруктар жөнүндө кодекстин 66-беренесинин 1-бөлүмү (ден соолукка жеңил зыян келтирүү) менен айыпталып жаткан Калыстын (аты өзгөртүлдү К.А.) жорук ишин карап чыкты.

Тергөөчүлөрдүн маалыматына караганда, Калыс 2019-жылдын 9-ноябрь күнү саат 16:00 чамасында спирт ичимдигин ичип алып, Базар-Коргон районундагы кайын энесинин үйүнө барган. Ал үйдүн короосунда кайын энеси Динарага (аты өзгөртүлдү, П.Д.) зомбулук көрсөтүү максатын көздөп, аны оозго алгыс уят сөздөр менен тилдеп, колун, белин мыжыгып кармаган. Анын кесепетинен Динаранын саламаттыгы кыска мөөнөткө бузулган.

Соттук отурумда айыпталуучу Калыс күнөөсүн мойнуна алып, Айгеримге (аты өзгөртүлдү Р.С.) үйлөнүп, андан эки балалуу болгонун, кийин аны менен ажырашып кеткендигин билдирди. Андан ары сөзүн улап, 2019-жылдын 9-ноябрында саат 16:00 чамасында Базар-Коргон районундагы кайын энесинин үйүнө мас абалда барганын, ошондо кайын энеси Динара: «Селсаяк, көзүмө көрүнбөй бул жерден жогол. Сени эч ким чакырган жок» деп айтканда жинденип, жабырлануучуну оозго алгыс уят сөздөр менен тилдеп, колу менен белин мыжыгып жибергенин, кылган кылмышына өкүнүп жатканын айтты. Динара менен элдешип алганын билдирип, ишти кыскартып берүүнү суранды.

Сотто жабырлануучу Динара 2019-жылдын 9-ноябрь күнү саат 16:00 чамасында күйөө баласы мас абалда келип, оозго алгыс уят сөздөр менен тилдеп, колунан жана белинен мыжыгып кармап түртүп жибергенин билдирген. Бирок бүгүнкү күндө айыпталуучу менен өз ара элдешип алганын, ага карата эч кандай доосу жоктугун айтып, ишин кыскартып берүүнү суранган.

Жыйынтыгында Калыс жоопкерчиликтен бошотулуп, иши өндүрүштөн кыскартылды.

Соттук чечим 2019-жылдын 18-декабрында кабыл алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×