Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 27.03.2014 18:47

Депутат М.Бакиров: Аймактардагы суу көйгөйүн жергиликтүү бийлик чечиши керек дегендин өзү туура эмес

Turmush -  Бүгүн, 27-мартта парламент жыйынында шайлоочулар менен жолугушуп келген эл өкүлдөрү аймактардын көйгөйлөрүнүн чечилишин аткаруу бийлигинен талап кылышты.

Шайлоочулардын ички жолдор, ички каналдар, эскилиги жеткен электр мамылары жана чубалгылары боюнча көйгөйлөрүн көтөргөн депутат Мирлан Бакиров («Өнүгүү» депутаттык тобу) Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл аймагындагы Боз, Төрөгул каналдарын мисалга келтирди.

Анын айтымында, аймактарда суу пайдалануучулар ассоциациясы ички каналдарды ишке киргизе албай, канчалаган жерлер суусуз калууда.

«Натыйжада СПА өзүн өзү актаган жок. Ошол эле маалда бул маселелерди чечүүдө жергиликтүү бийликке бөлүнгөн каражаттар анын аппаратына араң жетет. Андыктан, жергиликтүү бийлик чечиши керек дегендин өзү туура эмес», - деди депутат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×