Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 18.04.2014 18:11

Базар-Коргондо окуучулар арасында футболдук мелдеш өтүп, анын жеңүүчүлөрү аныкталды (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон райондук ИИБнин демилгеси менен бүгүн, 18-мартта окуучулар арасында футболдук мелдеш болуп өттү. Бул туурасында Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, Базар-Коргон айылында жайгашкан №1 Макаренко атындагы орто мектебинде район аймагында жайгашкан 9 айыл округдарынын орто мектептеринин арасынан жеңип чыккан 10 команда катыштышты.

Бул мелдеш «Мекеним менин – Кыргызстан!» аталыштагы чоң профилактикалык иш-чаралардын алкагында «Спорт- кылмыштуулукка каршы» деген ураан астында, жаштар жана окуучулар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу жана спорт аркылуу ар улуттун ортосундагы достукту, ынтымакты чындоо, ошондой эле мектептер арасындагы жаштардын аң сезимин жогорулатуу, спортко тартуу максатын көздөйт.

Маалыматка ылайык, мелдешке 10 командадан 110 окуучу катышты. Оюндун жыйынтыгында 1-орунду Базар-Коргон айыл округунун А.Навои атындагы орто мектептин окуучуларынан түзүлгөн команда 1-даражадагы диплом, кубок жана акчалай сыйлык, 2-орунду Сейдикум айыл округунун Фрунзе атыдагы орто мектебинин окуучулары 2-даражадагы диплом, акчалай сыйлык жана баалуу белектерди алды.

Ал эми 3-орунду камсыз кылган Акман айыл округунун Исаак уулу Тешебай атындагы орто мектептин мектебинин окуучулары 3-даражадагы диплом, акчалай сыйлыктар жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Маалымат боюнча, мелдешке Жалал-Абад ОИИБнын жетекчилиги тарабынан мелдешке 20 миң сомакча каражаты сарпталган.

jjb,

jbb,h

aen,jk

aen,jkn

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×