Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 24.04.2014 10:52

Базар-Коргон районунда үстүбүздөгү жылдын I-кварталында 935 млн 7,6 миң сомдук ички дүң продукция өндүрүлдү

Turmush -  Үстүбүздөгү жылдын I-кварталындаБазар-Коргон районунда айыл чарбасынын бардык тармактары боюнча салыштырма баада 935 млн 7,6 миң сомдук ички дүң продукция өндүрүлүп, өндүрүштүн көлөмү өткөн жылдын деңгээлине салыштырмалуу 113,2%га өскөн. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

Бул 2014-жылга кабыл алынган божомолго салыштырмалуу 109,5%га аткарылды, дегенди билдирет.

Маалыматка ылайык, өткөн жылга карата ички дүң продукциянын көлөмү 109 млн 165,7 мин сомго, ал эми 2014-жылдын божомолуна салыштырмалуу 81 млн 332,8 миң сомго көп өндүрүлгөн.

Жалпы ички дүн продукциянын көлөмүнүн 57,6%ы айыл чарба тармагына, 29,4%ы чекене товар жүгүртүүгө, 6%ы өнөр жай тармагына, 3,8 %ы капиталдык салымдарды өздөштүрүүгө жана 3,2%ы акылуу кызмат көрсөтүүгө туура келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×