Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 24.04.2014 11:39

Базар-Коргон районунда ушул жылдын 1-кварталында 55 млн 715,8 миң сомго азык-түлүк өндүрүлгөн

Turmush -  Ушул жылдын биринчи кварталында Базар-Коргон районунун өнөр жай тармагында 55 млн 715,8 миң сомдук азык-түлүк өндүрүлүп, өндүрүштүн көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 219,5%га, ал эми кабыл алынган болжолго карата 215,2%га өскөн.

Базар-Коргон районунун мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдиргендей, өткөн жылга салыштырмалуу 30 млн 337 миң сомго, болжолго карата 29 млн 829,4 миң сомго көп болуп, өнөр жай продукцияларынын физикалык көлөмү 103,1%га аткарылган.

Анын ичинен 14 млн 360 миң сомдук өндүрүлгөн азык-түлүк калктын жеке секторуна туура келип, өткөн жылга салыштырмалуу 115,1%га же 1 млн 884,6 миң сомго көп азык-түлүк өндүрүлүп, жалпы өндүрүлгөн өнөр жай азык-түлүктөрүн 25,7%ын түзөт.

Ири өнөр жай ишканаларында 41 млн 355,8 миң сомдук продукция өндүрүлүп, өткөн жылга карата 28 млн 452,4 миң сомго көп же болбосо 320,5%ды түзгөн.

Ошого карабастан, кээ бир өнөр жай ишканалары тарабынан өткөн жылга салыштырмалуу төмөнкү денгээлде иштегендери да бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×