Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 12.06.2014 14:33

Базар-Коргондогу орто мектептин курулушуна багытталган каражат бөлүнбөй, 6 жылдан бери аягына чыкпай жатат, - депутат М.Бакиров

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Талды-Булак айылындагы мектептин имаратын быйыл бүтүрүү үчүн багытталган финансылык каражаты азыркыга чейин бөлүнбөй жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин («Өнүгүү» депутаттык тобу) депутаты Мирлан Бакиров бүгүн, 12-июнда парламент жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 2008-жылы өлкөдөгү курулуш компаниялардын бири тендерди жеңип чыгып, 15 млн сомдук суммага курулуш иштерин жүргүзгөн.

«Бүгүнкү күндө курулуш ишинин 60%ы бүткөрүлгөн. Бирок финансылык каражаттын бөлүнүшү кечиктирилүүдө. Мындан тышкары, белгисиз себептер менен курулуш компанияларына кайрадан тендер жарыяланган», – деп белгиледи ал.

Эл өкүл жеңип чыккан компания турганда кайрадан тендер жарыялоо зарылчылыгынын себебин сурады. «1-сентябрга чейин окуу жайынын курулушун бүтүрүү керек. Ал эми жаңы тендер мектепти бүтүрүү ишин үзгүлтүккө гана учуратат», - деп кошумчалады депутат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×