Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 04.07.2014 19:12

Базар-Коргондо дарыгерлер кесиптик күнүнө карата 3 чакырымга жакын аралыкта чуркашты

Turmush -  Бүгүн, 4-июнь күнү Базар-Коргон районунда медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы салтанаттуу түрдө белгиленди, деп маалымдайт райондук мамадминистрациянын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, райондо жалпы 1500гө жакын медициналык кызматкерлер бар. Майрам эрте мененки саат 8:00дө башталып, калкты дени сак жашоого үндөө максатында чуркоо уюштурулуп, 100гө жакын медициналык кызматкерлер Базар-Коргон районунун борборуна түшүүчү Б.Осмонов көчөсүндө 3 чакырымга жакын аралыкта чуркашты.

Жыйынтыгында райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Т.Долдоев тарабынан баалуу белектер тапшырылды. Ошондой эле, өз ишин мыкты аткарган медиктер райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан Ардак грамота менен сыйланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×