Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 25.07.2014 15:48

Жалал-Абдда «Биз кыргызстандыкпыз» кароо сынагынын жеңүүчүлөрү 30-август күнү гала концерт беришет (фото)

Turmush -  Жалал-Абад областынын район-шаарлар арасында жана мекеме-ишканалар арасында өтүп жаткан «Биз Кыргызстандыкпыз» аттуу ыр майрам кароо сынагы банк кызматкерлеринин арасында да болуп өттү.

Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылын утурлай өтүп жаткан сынакка областтагы 15 банктын филиалдарынан 40ка жакын банк кызматкерлери катышып, өз өнөрлөрүн тартуулашты. Сынакка +кмөттүн областтагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 1-орун басары Жумагүл Эгембердиева баштаган топ катышышты. Сынак жүрүшүндө эпостон үзүндүлөр айтылып, обондуу ырлар ырдалды.

Маалыматка караганда, өтүп жаткан сынакты баалоо +кмөттүн Жалал-Абад областындагы өкүлүнүн аппаратынын алдында түзүлгөн маданият, искусство жана маалымат иштери боюнча Кеңеш тарабынан жүргүзүлүүдө. Ал эми кароо сынактын жобосунда көрсөтүлгөндөй мекемелер арасынан тандалып алынган өнөрпоздор 30-август күнү гала концерт коюшат.

Сынактын максаты, мамлекеттин тарыхын урматоо менен мамиле кылууну калыптындыруу, кылымдар боюу иштелип чыккан биримдиктин баалуулуктарын жана идеалардын, этностордун өз алдынчалуугун сактоо, маданияттар аралык баарлашууну жана сабырдуулукту өнүктүрүү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×